Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Кызыл-Кыяда шайлоонун жыйынтыгына нааразылар митингге чыгышты


Ушу тапта Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдында президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу митингчилер "Азаттыкка" кабарлашты. Чогулгандардын саны жүздөй адам. Алар талапкер Адахан Мадумаровдун тарапкерлери экени айтылууда. Айтымында, бул эскертүү ирээтинде өтүп жаткан акция. Митингчилердин он чактысы мэриянын ичине сүйлөшүүгө кирип кетишти. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жалпы добуш бергендердин 15 пайыздайына ээ болгон Мадумаров шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын айткан. (AiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG