Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

ИИМ: Абалды курчутууга эч кимдин моралдык да, мыйзамдык да укугу жок


"Тиешелүү сандагы добуш ала албай калган талапкерлер өлкөдөгү абалдын кайрадан курчушуна жол бербейт деп ойлойм. Мындай кылууга эч кимдин моралдык да, мыйзамдык да акысы жок". Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбеков билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 27 факт катталды. Алар негизинен шайлоо комиссияларынын ишине, бейбаштыкка, добуш сатып алууга, бюллетендерди тобу менен салууга байланыштуу болду.

Алымбеков шайлоодо утулуп калгандардын тарапкерлери нааразылык акцияларын уюштурууну пландаштырып жатканын, бирок кооптонууга негиз жок экенин айтты.

Анын белгилешинче, Кыргызстанда ар бир жаран башка жарандардын укуктарын басмырлабаган митинг жана башка нааразылык акцияларды өткөрүүгө укуктуу. Мыйзам бузулса, алардын уюштуруучулары жоопко тартылат дейт Алымбеков.

30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Анын жеңүүчүсү деп Алмазбек Атамбаев айтылууда. Бирок калган талапкерлер шайлоонун жүрүшү мыйзам бузуулар менен, көпчүлүк шайлоочулардын укугунун тебелениши жана административдик ресурстун пайдаланылышы менен коштолгонун айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG