Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Текебаев Атамбаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталып жаткан Алмазбек Атамбаевди куттуктады. Атамбаевге жолдогон куттуктоо катында ал элдин ишеничин актоо үчүн баардык аракеттер жасалаарына ишенээрин айтты. Борбор Азиянын тарыхында "биринчи жолу мамлекеттик бийликтин тынч, конституциялык негизде өткөрүлүп берилиш механизми ишке ашканы, кылмыштуу үй-бүлөлүк башкаруу бийлигинин кулашынан кийин өлкөдө пайда болгон оор, драмалуу мезгил ушуну менен аяктаганы" айтылат.

Өмүрбек Текебаев өзү да президенттик шайлоого аттангандардын арасында болчу. Бирок кийинчерээк шайлоого катышуудан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG