Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Түркияга жардам алып барган кыргызстандык учак чоң жабыркоого учураган жок


Түркиянын жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарына кыргыз элинин жана өкмөтүнүн атынан гуманитардык жардам алып барган учак анча чоң жабыркоого учураган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, учак 30-октябрда жөнөп кеткен. Министр Болотбек Борбиев өзү гуманитардык жардамды Ван аймагына чейин коштоп барды. Ал жерде жашаган, ооруканада жаткан кыргыздар менен жолугушуп, абалы менен таанышты. Кыргызстандык ыкчам топ бүгүн түнү барган учагы менен кайрадан Кыргызстанга учуп келет.

Айрым түркиялык маалымат каражаттарынын билдиришинче, кыргызстандык учак Эрзурум шаарындагы аба майданына келип конгондо анын оң канатынын учу ошол жерде токтоп турган грузиялык учактын баш жагына тийип кеткен. Грузиялык учак да ал жакка гумжардам менен барган.

23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал жерде жашаган жарандыгы түрк 2 миңдей кыргыздын төртөө набыт болгон. Зилзаладан набыт болгондордун жалпы саны беш жүздөн ашты. Азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, чатырлар бар 30 тонналык жардам Кыргызстандан 30-октябрда чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG