Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Жалал-Абадда шайлоо күнү мушташкандарга кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев кылмыш ишти Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү бейбаштык боюнча козгогондугун ырастады. Учурда тергөө иштери жүрүп, атылган пневматикалык тапанча алынган жана окуяга тиешеси бар 5-6 бала сурак берүүдө. Билдирүүгө ылайык, 30-октябрда саат 16ларда шаардын Курманбек көчөсүндө балдардын жаатташкан эки тобу мушташып кеткен. Пневматикалык тапанча атылган. Балдар ошол замат милиция тарабынан кармалган .Окуянын шайлооого тиешеси жок экендигин кармалган балдардын өздөрү да айтып беришкен. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG