Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Кытай жаңы космос аппаратын учурду


Учуруу Кытайдын космос станциясын куруу планынын алкагында жүргүзүлүүдө. Шенчжоу 8 кемеси эми эки күндүн ичинде Орбитада быйыл сентябрда учурулган капсула менен тогошуусу керек. Эгер бул иш ийгилик тапса, Кытай келерки жыл ичи да дал ушундай машыгууну эки ирет өткөрүп, анын кеминде бирин бортунда астронавт бар кеменин катышуусунда ишке ашырганы жатат.

Расмий Бээжин 2020-жылга барып, Орбитада толук иштей ала турган космос станциясына ээ болууну максат кылышууда. Азыр Орбитадагы жалгыз эл аралык космос станциясын Орусия, АКШ жана башка өлкөлөр биргелешип иштетишүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG