Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

ЕБ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун тынч өтүшүн кубаттады


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун атынан таратылган билдирүүдө шайлоонун тынч өткөнү кубатталып, бирок шайлоо мыйзамын ишке ашыруу жагынан маанилүү кемчиликтер болгону айтылат.

Евробиримдик бул шайлоону конституциялык тартипти куруу жана демократияны мындан ары чыңдоо жолундагы маанилүү баскыч катары атап, жараяндын ар бир этабында жардам бергендигин белгилейт.

Тышкы саясат боюнча жогорку өкүл Кэтрин Эштондун билдирүүсүндө, ошондой эле Евробиримдиктин Кыргызстанга өлкөгө зарыл реформаларды ишке ашырууда, өзгөчө мыйзам үстөмдүгү, социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөлөрүндө колдоо көргөзүүнү улантууга даярдыгы ырасталып, бул нерсе улуттук жарашуу, демократиялык реформалардагы туруктуу прогресс, адам укуктарын толук урматтоо менен эриш-аркак кетүүсү керектиги да көргөзүлөт.

Евробиримдикке чейин Кыргызстандагы президенттик шайлоонун демократиялык мүнөздө жана тынч өткөнүн АКШ президенти Барак Обама кубаттаган.

"Кыргызстан элин жана өкмөтүн кечээки демократиялык жана тынч президенттик шайлоо менен куттуктайм. Добуш берүү менен Кыргызстан эли демократияга карай маанилүү жана чечкиндүү кадам таштады жана бийликтин ачык-айкын өткөрүлүп беришине дилгирлигин көргөздү", - делинет Обаманын 31-октябрдагы билдирүүсүндө.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да президенттик шайлоонун тынч өткөнүн оң баалап, өлкөнүн саясий лидерлерин пикир келишпестиктерди мыйзам чегинде чечүүгө үндөдү. (UE/AA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG