Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Апрел окуясы боюнча сотто адвокаттар Жогорку Сотко кайрылышат


Апрел окуясы боюнча соттолуп жаткандардын адвокаттары Кубанычбек Ташбалтаев жана Евгений Петров Аскер Сотунун чечимине карата көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди.

Бүгүн Кыргызстандын Аскер соту апрель окуясы боюнча соттун төрагасына карата адвокаттардан келип түшкөн апелляциялык арызды карап, аны канааттандыруудан баш тартты.

10-октябрда соттолуучулардын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев судья Дамир Оңолбековду алмаштыруу керектигин айткан. 12-октябрда соттолуучулардын дагы бир адвокаты Евгений Петров соттолуучу Данияр Дунгановдун ден соолугун текшертүү керектигин айткан. Бирок судья Оңолбеков бул эки өтүнүчтү тең четке каккан. Судьянын бул чечиминин мыйзамдуулугу бүгүн Аскер сотунун кылмыш иштер жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясында каралды.

Апрель окуясы боюнча сотто 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте 90го жакын адамдын өлтүрүлүшу боюнча 28 адам соттолууда. Алардын көбү мурдагы бийлик башындагылар.

Соттук териштирүү ар апта сайын дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү өтүп жаткан. Жогорудагы маселеге байланыштуу иштин качан уланаары азырынча белгисиз. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG