Быйылкы жылдын 10 айында Ош шаардык прокуратурасы кыйноолор боюнча үч кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Иликтөөнүн негизинде шаардык милициянын бир катар кызматкери кылмыш жообуна тартылышты, 2 иш сотко өттү. Дагы бир кылмыш иш боюнча тергөө уланууда. Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстандын жабык жайларында, көбүнесе тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор көп болот. (RK)