Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Нарын облустук прокуратурасы коомдук жардамчысынан баш тартты


Нарын облустук прокуратурасы коомдук жардамчысынан баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук прокурорунун орун басары Алмаз Тайсалов билдирди. Маалыматка ылайык, 19-октябрда Нарын районуна караштуу Алыш айылынын тургуну Аманаалы Шалтабаевден алты бала акча талап кылышкан. Кылмыш иши козголгон. Ал балдардын арасында Нарын облустук прокуратурасында коомдук жардамчы болуп иштеген Мирбек Алмазбеков болгону аныкталган. Ушул себептен облустук прокуратуранын буйругу менен Мирбек Алмазбеков коомдук жардамчылыктан чыгарылды. Облустук прокуратурада эки коомдук жардамчы болгон. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG