Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Түркияда ооган-пакистан сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Ооган жана Пакистан президенттери Хамид Карзай менен Асиф Али Зардари түрк президенти Абдулла Гүлдүн катышуусунда Стамбулда жолукту. Ошондой эле бул жерде эки өлкөнүн аскер башчыларынын да сүйлөшүүлөрү өттү. Ооганстан менен Пакистандын сүйлөшүүлөрү быйыл сентябрда Кабулда мурдагы ооган президенти Бурхануддин Раббани өлтүрүлгөндөн кийин токтоп калган.

Ооган тарап бул кол салууну Пакистандын Кветта шаарындагы талибдерден көргөн жана Пакистандын аскерий чалгын мекемеси "Талибанга" колдоо көрсөтүп жатат деп эсептейт. Бирок расмий Исламабад мындай ырастоолорду четке кагып, пакистандык талибдер Пакистанда кол салууларды жасоо үчүн Ооганстандын аймагын колдонорун айтып келет.

Түркия алардын ортомчулугу астындагы сүйлөшүү эки тараптын пикир-келишпестигин жөндөөгө салым кошот деген ишенимде. Стамбулдагы бүгүнкү үч тараптуу сүйлөшүү Ооганстан боюнча аймактык конференция менен коштолот.

XS
SM
MD
LG