Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Мокеев: «Достуктун» ачылышы саясий акция эмес


Ош облусунда жайгашкан кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинин ачылышы Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы саясий акция болгон эмес деп билдирди “Азаттыкка” Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Анвар Мокеев. Анын айтымында, чек ара бекеттин ачылышына Өзбекстан деле кызыкдар. “Түшүм жыйналып бүтүп калган мезгилде эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын өсүшүнө чоң таасирин тийгизет деп турабыз. Ошондуктан “Достуктун" ачылышын саясий акция деп айткан туура эмес” – деди элчи. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаал, стабилдүүлүк анын келечегине таасирин тийгизээрин кошумчалады.

"Достук" кыргыз-өзбек чек ара бекети ушул жылдын 26-октябрында ачылган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы окуялардан кийин Өзбекстан "Достукту" жана башка 7 бекетти бир өзү тараптан жапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG