Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Улуттук штабга шайлоого нааразы болгондордон арыздар түшүүдө


Шайлоого байланыштуу мыйзамдардын жана адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөчү улуттук штабга кечээ 36 арыздануу түштү. Аталган коомдук уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, арыз-даттануулар негизинен тизмелердеги башаламандык, добуштарды сатып алуу, административдик ресурстун пайдаланылышы сыяктуу маселелерге байланыштуу болду.

Жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюштурулган штаб 10-ноябрга чейин иштейт. Анын курамында эл аралык уюмдардын жана парламенттин өкүлдөрү да бар экени айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча, 30-октябрдагы шайлоодо 16 талапкердин арасынан Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63 пайызынын добушуна ээ болду. (RK)

XS
SM
MD
LG