Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Келдибеков шайлоонун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков шайлоодон кийинки мунасага келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ушу тапта Жогорку Кеңештин имаратында спикер, фракция өкүлдөрү, БШКнын дээрлик баардык мүчөлөрү, Атамбаевден башка талапкерлер катышкан сүйлөшүү жүрүп жатат. Танапис учурунда Келдибеков журналисттерге сүйлөшүү жакшы эле жүрүп жатканын, талапкерлер өз жүйөлөрүн, Боршайком өз пикирин айтып жатканын билдирди.

Ахматбек Келдибеков шайлоого байланышкан кырдаалды курчутпоо үчүн сүйлөшүүлөрдү ылдамдатуу демилгесин көтөрүп чыккан.

Алдын ала эсетөөлөр боюнча, шайлоодо Алмазбек Атамбаев 63 пайыз менен утуп чыкты. 15 пайыздан алган талапкерлер Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын айтышкан. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG