Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Жалал-Абал облбийлигинин алдындагы аянтка үн күчөткүчтөр орнотулду


Облбийликтин алдындагы "Эркиндик" аянтында ушул сааттарда 100дөн ашык адамдын тобу пайда болду. Ар жактардан беш-ондон топ-топ келип жаткан адамдардын караандары көрүнө баштаганын кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирет. "Ата Журт" партиясынын юристи Рашит Сулайманов телефон аркылуу шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен бүгүн болчу митинг саат 12де башталаарын билдирди. Аянтка тартип сакчылары, бийлик өкүлдөрү жана улуттук коопсуздук кызматкерлери көз салып турушат. Өз жумушу менен ары-бери өтүп жаткан адамдар аянтка карап коюушууда. (YA)

XS
SM
MD
LG