Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Бишкекте мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун эстелиги ачылды


Бүгүн Бишкекте мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Кыргыздын улуу мамлекеттик ишмерлеринин аллеясындагы эстеликти ачып жатып өлкө президенти Роза Отунбаева Абды Сүйөркулов жетим болуп жетилегенин, өлкөнүн экономикасы үчүн зор салым кошконун белгиледи. Абды Сүйөркулов 1947-жылдан тарта 1969-жылга чейин Кыргызстанда бир катар жетекчи орундарда иштеп келген. 1950-жылдан 1958-жылга чейин Кыргызстан министрлер советинин төрагасы болгон. 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Ошондон бери 20 жылдан кийин гана эстелиги коюлду. Эмдиги жылы 100 жылдык мааракеси белгиленет. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG