Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Жапония Кыргызстандагы шайлоонун тынч өткөнүн кубаттады


Жапония Кыргызстандагы президенттик шайлоонун тынч өткөнүн кубаттайт. Бул тууралуу бүгүн Жапониянын тышкы иштер министрлиги билдирди. Былтыркы окуялардан кийин бул шайлоо Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү экени айтылат. Жапония парламентинин депутаттары шайлоого байкоочу катары катышып, айрым проблемалар болгонун, бирок шайлоо нейтралдуу жана адилет өткөнүн айтышкан. 16 талапкер катышкан шайлоо 30-октябрда өттү. Эң көп добуш Алмазбек Атамбаевге тийгени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG