Президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан митингинде эгерде алардын талаптары аткарылбаса, бийлик элге өтөөрүн айтышты.
"Элдин алдына чыгып сүйлөгөн губернатордун орун басары Кадырбек Жакыповдон эгерде талаптар аткарылбаса губернатор, акимдерди эл шайлап, бийлик элге өтөөрүн жогорку бийликтегилерге жеткирип коюусун өтүнүштү", - дейт кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов.
"Ата Журт" партиясынын юристи Рашит Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, митингге үч миңдей адам катышууда. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, митингчилердин саны 1,5-2 миңдей, ал эми шаардык милиция башчысы Нурдин Насыркулов беш жүздүн тегерегинде адам келгенин айтты. (YA/RK)