Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Казакстанда Секисовка дарыясы уулансыздырылууда


Казакстандын чыгышындагы Секисовка дарыясында цианиддин кычкылы уруксат берилген нормадан 516 эсеге ашып кеткен. Бул жөнүндө Казакстандын чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Суунун тазалыгы 31-октябрда өзөндөн өлгөн балыктар табылгандан кийин текшерилген. Азыр адистер өзөндү натрийдин пиросульфаты менен тазалап жатышат. Жергиликтүү тургундар өзөндүн өйдө жагындагы алтын иштетүүчү ишкананы дарыяга цианид төгүүдө деп күнөөлөп жүрүшкөн. Ушу тапта аймак калкына суу сырт жактан ташылып келүүдө. Мектептер убактылуу жабылды.

XS
SM
MD
LG