Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Орусиядагы кыргыз элчилиги орус жарандыгын алам дегендерди эскертти


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орусиялык жарандыкты алам деген кыргызстандыктарды ортомчуларга алданып калбаш үчүн эскертти. Элчиликтин коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Айымкан Кулукееванын билдиришинче, документтерди бүтүрүп берем деп ортомчулук кызматын сунуштагандарга алданып калуу коркунучу жаралууда. Айрымдары андай ортомчуларга бир далай суммадагы акча берип койгон учурлары да аныкталды. Алданып, документсиз да, акчасыз да калбаш үчүн ар бир жаран тиешелүү органдарга кайрылып, маалымат алышы керектиги айтылды. Орусиядагы жаңы эрежелер боюнча, бул мамлекеттин жараны болуш үчүн талаптар кыйла татаалдашты. Мурда миграциялык каттого алынгандын баары эле эч кыйынчылыксыз орусиялык жаран болуп алышчу. (RK)

XS
SM
MD
LG