Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:34

Жалал-Абаддагы митингчилер тарап кетишти


30-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен Жалал-Абад шаарында митингге чыккандар тарап кетишти. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов бидирет. Нааразылык акциясынын катышуучулары аянтка боз үй тигип, эртең кайрадан чыгаарын айтышты. "Ата Журт" партиясынын юристи Рашит Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, митингге үч миңдей адам катышты. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, митингчилердин саны 1,5-2 миңдей, ал эми шаардык милиция башчысы Нурдин Насыркулов беш жүздүн тегерегинде адам келгенин айтты. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG