Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

"Манас" университетинде Касым Тыныстановдун 110 жылдыгы белгиленет


Улуу агартуучу, кыргыз тили илиминин негиздөөчүсү, кыргыз профессионал адабиятынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири Касым Тыныстановдун 110 жылдыгына арналган “Көз ирмемдеги өмүр” аттуу адабий-музыкалуу салтанаттуу кече "Манас" университетинде өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган окуу жайдан кабарлашты.

Кечеде Касым Тынынстановдун өмүрү, чыгармачылыгынын бир көз ирмемин чагылдырган чакан инсценировка студеттердин аткаруусунда меймандарга тартууланат, Тыныстановдун чыгармачылыгы боюнча илимий баяндама жасалат.

Кече 4-ноябрда кыргыз-түрк “Манас” университетинин Жал кичи районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG