Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Пакистан Индия менен мамилеге артыкчылык берет


Пакистан өкмөтү коңшулаш Индияга “баарынан көп артыкчылыгы бар өлкө” макамын берди. Мындай сунушту премьер-министр Юсуф Реза Гелани башындагы министрлер кабинети жапырт колдогонун Пакистандын маалымдоо министри Исламабадда жарыя кылды. Бул макам Пакистан-Индия ортосундагы соода-экономикалык карым-катнашка кеңири жол ачат. Исламабад буга чейин 100дөн ашуун өлкө, анын ичинде жакын союздашы Кытай менен мамилеге артыкчылык статусун ыйгарган. Быйыл Пакистан-Индия ортосундагы талаштуу Кашмир региону боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра улантылган. Сүйлөшүү 2008-жылы пакистандык согушчандар Мумбайда 166 адамды набыт кылгандан кийин токтоп калган болчу. Эки мамлекетте тең ядролук куралы бар.

XS
SM
MD
LG