Египеттин жогорку аскерий кеңеши антиөкөмттүк демонстрациялар башталгандан бери аскерий трибунал тарабынан соттолгон 334 кишинин айыптарын кечирди. Фэйсбукта жайгаштырылган маалыматка ылайык, кеңеш бул кадамды бийлик менен "ыңкылаптын ишке ашырган Египеттин улуу эли" ортосунда диалогду колдоо максатында жасап жатат. Соттолгондор эркиндикке качан чыгаары жана алардын ысымдары айтылган жок. Январдан тартып Египеттин аскерий трибуналы 12 миңден аз эмес кишини соттогон. Мындай практиканы укук коргоочулар айыптап келишкен.