Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Сот Холмирзаевдин аялынын өтүнүчүн канааттандырган жок


Бүгүн Сокулук райондук соту Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектелген Базар-Коргон ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкеринин ишин карады. Кабарчыбыздын билдиришинче, анда Холмирзаевдин аялы сотко ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч келтирди, бирок өтүнүч канааттандырылган жок. Кийинки соттук териштирүү 14-ноябрга калды.

Холмирзаевдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан эки милиционердин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн болчу. Маркумдун жубайы Зулфия Холмирзаева мындай чечимге каршы болуп, сотко арызданган.

Ушул жылдын 9-августунда Базар-Коргондо Холмирзаевдин ур-токмоктон мерт болгону боюнча 4 милиционерге кылмыш иши козголгон болчу. Айыпталып жаткандар күнөөсүз экенин, Холмирзаев шатыдан кулап кетип алган жаратынан каза тапканын айтышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG