Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Тажикстанда террордук топтун үч мүчөсү соттолду


Согди облусундагы сот жараянда Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү катары күнөөлөнүшкөн үч адам сегизден тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышты. Алар сот тарабынан кылмыштуу топту түзгөнү жана анын ишине катышканы үчүн айыптуу деп табылышты.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Согди облустук башкармалыгынын маалыматтарына караганда, быйыл тогуз айда облус аймагынан Өзбекстан Ислам кыймылынын 33, "Хизб-ут Тахрирдин" жети мүчөсү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG