Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Жалал-Абад, Ош: Митингге чыккандар тарай баштады


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, облустук акимчиликтин алдында үч боз үй тигилди. Ар бир боз үйдө бештен адам калып, калгандары эртең кайра чогулуу үчүн тарап жатат.

Милициянын маалыматына ылайык, Жалал-Абадда бүгүнкү шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун акциясына 300дөй адам чогулду. Мыйзам бузуу катталган жок.

Оштогу кабарчыбыз Эрнист Нурматов шаардагы борбордук аянтка чогулгандар да эртең кайра чогулуу үчүн тарай баштаганын маалымдады. Анын алдында митингчилер менен облустун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугуп, элди сабырдуу болууга чакырды.

Ушундай эле акция бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында өттү. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG