Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Грецияда өкмөт чачыроо алдында тургандай


Мындай кабарлар эртең грек парламентинде өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси добушка салынар алдында, бийликтеги Социалисттик партиянын бир нече мыйзамгери өкмөттү колдобой тургандыгын билдиргенден кийин түшүүдө. Социалисттик партия парламентте үч добушка гана көптүк кылат.

Бул аралыкта Грециянын каржы министри Эвангелос Венизелос премьер-министр Папандреунун өлкөнү дефолттон сактоо үчүн өткөн аптада еврозонанын лидерлери менен жетишилген макулдашууну референдумга алып чыгуу планына каршы экендигин билдирди.

Мурдараак грек премьер-министр Георгий Папандреу референдум өткөрүү зарылдыгын Грециянын карыздан кутулушу үчүн карыз берип жаткандар талап кылган реформаларды ишке ашырууда саясий колдоого муктаж экендиги менен түшүндүргөн.

Германия жана Франция лидерлери кечээ кечинде Папандреу менен жолукканда ага Греция еврозонада калаар-калбасын чечмейинче Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун насыясынын кезектеги траншын албай турганын айтышты.

Евробиримдик өткөн аптадагы саммитинде Греция карызынын 50 пайызын кечүүнү, ага кошумча 130 миллиард евро насыя берүүнү макулдашкан.

Грециянын референдум жөнүндөгү жарыясын Европанын лидерлери кыжырдануу менен кабыл алган.

XS
SM
MD
LG