Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Үч кенди иштетүү боюнча сынак жарыяланат


Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов 2-ноябрда кореялык Mireco корпорациясынын жетекчилери менен жолугушууда 2012-жылы 40-70 тонна алтын кору бар Тоголок, 100 тонна алтын кору бар Жерүй жана 40 тонндай алтын жаткан Тереккан кендерин иштетүү боюнча ишканалар арасында сынак жарыяланарын билдирди. Кореялык компанияны айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү, уран калдыктарын кайра иштетүү, көмүр казуу багытында кызматташууга чакырды. Кореялык ишкерлер өз кезегинде эки тараптуу кызматташууга даяр экенин айтышып, учурда “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы менен тоо-кендерин иштетүүдөн чыккан калдыктарды кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG