Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Отунбаевага берилген белектердин көргөзмөсү ачылды


Бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде президент Роза Отунбаевага президенттик кызматта турганда берилген белектердин көргөзмөсү ачылды. Расмий маалыматка ылайык, анда 80ден ашуун белек-бечкек коюлган. Алардын арасында Корея Республикасынан алган алтын таажы, казак президенти Нурсултан Назарбаев берген алтын менен ою чөгөрүлгөн ак фарфор чыны-чайнек өңдүү баалуу буюмдар бар.

Тарых музейинде мамлекет башчыларга берилген сыйлыктар 1950-жылдан бери сакталып келет.

Отунбаева өлкөнү 1,5 жылдай башкарды. Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликте турган кезде президенттик шайлоого катышпай, кызматын тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG