Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Сот Касиевди кызматына кайра койду


Бишкектеги Биринчи май райондук соту Улуттук онкология борборунун (УОБ) башкы директорунун милдетин аткаруучу Накен Касиевди кызматына кайра коюу чечимин чыгарып, аны аткарууга Саламаттыкты сактоо министрлигин милдеттендирди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Касиевдин адвокаты Владимир Боровиков кабарлады. "Кызматынан мыйзамсыз алынганы тууралуу Накен Касиевдин доосун сот жүйөөлү деп тапты, анткени УОБдун уставына ылайык борбордун жетекчисин окумуштуулар кеңеши шайлашы керек болучу", - деди Боровиков.

14-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабековдун буйругу менен Накен Касиев кызматынан алынган. Бул окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытып, Турдакун Усубалиев баш болгон белгилүү ишмерлер Касиевди куугунтукка алуу токтотулсун деп кайрылуу менен чыгышкан. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Касиев финансылык бузуулары үчүн кызматтан алынды деген маалымат тараткан. (KE)

XS
SM
MD
LG