Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Түркмөн президенти Европага газ экспорттоо маанилүүлүгүн айтты


Гурбангулы Бердымухаммедовдун бүгүнкү сөздөрүнө караганда, Европага энергия экспорттоо “Түркмөнстандын тышкы саясатынын өтө маанилүү аспектиси”.

Ал кошумчалагандай, өлкөнүн эбегейсиз газ кору кирешелүү базарга чыгуу үчүн Түркмөнстан жаңы куурларга муктаж экендигин көргөзүүдө. Бердымухаммедов ошондой эле транс Каспий газ куурун төшөө зарылдыгын белгиледи. Бирок Каспийдин жээгиндеги Орусия менен Иран бул долбоорго каршы.

Түркмөн президенти Европага газ сатуу зарылдыгын соңку кездери бир нече жолу билдирди. Мындай билдирүүлөр газ баасына байланыштуу Орусия менен соңку эки жылдагы талаш-тартыштардан улам эки тараптын алакасында чыңалуу өкүм сүрүп турган кезде жасалууда.

XS
SM
MD
LG