Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

Кыргыз-казак чек арасынын Токмоктогу бекети күнү-түнү иштей баштады


Бул маалыматты “Азаттыкка” УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов тастыктады. Буга чейин аталган чек ара күндүз гана иштеп келген. Токмоктогу чек ара бекети жарандарды жана жеңил автоунааларды гана өткөрөт.

Тиленовдун айтымында, учурда Казакстан менен “Ак-Тилек” – “Кара-Суу” чек ара бекетин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Учурда ремонт иштери жүрүп жаткан “Кара-Суу” чек ара бекети жаңы жылга чейин ачылып калат деп болжолдонууда. “Ак-Тилек” – “Кара-Суу” ачылса, жүктөр ошол жактан өткөрүлөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG