Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Грек парламенти өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча добуш берет


Грециянын премьери Георгиос Папандреу кечээ элдик добуш берүү өткөрүлбөшү мүмүкүн деп кыйытты. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы оппозиция экономиканы куткаруу планын колдосо, референдум зарыл болбой калаарын айтты. Оппозициянын лидери Папандреунун чакырыгын четке кагып, аны кызматынан кетүүгө үндөдү. Бүгүн кабинетке ишеним көрсөтүү маселеси колго салынмакчы. Папандреунун партиялашы, финансы министри Евангелос Венизелос да референдум идеясынан баш тартууга чакырды.

Анын айтымында, өлкө 15-декабрга чейин жардамдын 8 миллиарддык траншына муктаж. Германиянын канцлери Ангела Меркел Канндагы саммит алдында Греция Евробиримдиктин сунушуна көнмөйүнчө, жардамдын кезектеги бөлүгүн ала албайт деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG