Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Израил Палестинага төлөмдөрдү токтотту


Израил Палестин автономиясына таандык салык төлөмдөрүн которууну убактылуу токтотту. Муну менен жөөт бийлиги автономиянын ЮНЕСКОго кабыл алынышына нааразылыгын билдирүүдө.

Төлөмдөр токтотулганын эки тараптын тең расмий адамдары бышыкташты. Адатта акча айдын башында которулат.

Сентябрда Палестина суверендүү мамлекет катары БУУга кирүү арызын берген. Ага жооп катары Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жана Иерусалимдин айланасындагы жөөт конуштарын курууну тездетүүнү жана төлөмдөрдү токтотууну чечкен.

Палестина бийлиги БУУнун Коопсуздук кеңешин Телавивдин жазалоочу чараларына каршы аракет көрүүгө үндөдү. Автономиянын БУУдагы байкоочусу Израилдин кадамдары региондогу кырдаалдын курчушуна жана чагымчыл аракеттерге алып келиши ыктымал деп эскертти.

XS
SM
MD
LG