Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Аба ырайы: Шашылыш кабар


8-9-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жамгыр жаап, өрөөндүү райондордо карга айланат. Тоо этектеген аймактарда жана тоолордо кар түшөт. Зым, бактарга муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Өрөөндүү аймактарда абанын температурасы 0... -5 градуска чейин төмөндөйт.

5-ноябрда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында айрым аймактарда жана Чүйдүн тоолуу райондорунда түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус жылуу.

Бишкекте 5-ноябрда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0.. +2, күндүз 14... 16 градус жылуу болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG