Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Аткезчилик Баткенден Чоң-Алайга ооду


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Оштун Чоң-Алай районунан Тажикстанды көздөй кара май аткезчилигинин жаңы жолу пайда болгонун билдирип чыгышты. Райондун жетекчилиги бул маалыматтар тастыкталбаганын кабарлап жатат.

Кыргызстандын Баткен облусунан Тажикстанга багытталган кара май контрабандасы азайганы менен, Оштун Чоң-Алай районунда аткезчиликтин жаңы жолу ачылганы кабарланды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңешеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов парламенттин отурумунда билдирип, чек арада атайын май бекеттери курулуп жатканын жүйө кармады:

- Мурда Баткен облусу аркылуу Тажикстанга күйүүчү май кетсе, эми Чоң-Алай аркылуу кетип жатат. Бүгүнкү күндө чек арага төрт май бекети курулуп жатат, Тажикстан менен Чоң-Алайдын чек арасында. Ал жерде май бекеттерин пайдалана турган эл деле жашабайт.

Бензинди май бекеттерине куюп, андан ары Тажикстанга алып кете тургандай кылып пландаштырып жатышат. Жакынкы күндөрү канчалаган унаалар Тажикстанга алынып кетип жатат.


Депутаттын айтымында, күйүүчү майдын Ош – Сары-Таш – Кара-Мык жолу аркылуу Тажикстанга өтүшүнө жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жең ичинен колдоо көрсөтүп жатат.

Чоң-Алай акими эмне дейт?

Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Алайчиев болсо, күч түзүмдөрүнө шилтеме жасап, аймакта кара май аткезчилиги дээрлик байкалбаганын билдирди. Бирок жергиликтүү бийликтин уруксаты менен май бекеттери курулуп жатканын жашырган жок:

Бензинди май бекеттерине куюп, андан ары Тажикстанга алып кете тургандай кылып пландаштырып жатышат...
- Чамамымда бир айдан ашып калды, биздин жол менен Кара-Мык бажыканасында төрт машина кармалган. Күч түзүмдөрү документтерин караса, алар туура экен. Анан буларды өткөрүп жиберген. Андан кийин такыр эле өткөн эмес. 10-15 күн мурда бир машинаны кайра Ошко кайтарып жиберген. Мен күч түзүмдөрү менен сүйлөштүм. Эмне деген сөз десем, "эч андай жок" деп эле иштеп жатат. Анан бул каяктагы маалымат экенин билбейм.

Кыргызстандагы күйүүчү майды негизги бөлүгү Орусиядан бажы төлөмүсүз ташылып келет. Тажикстан күйүүчү майды бажы төлөмү менен алгандыктан ал жерде баа Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла эле жогору. Мындан улам жаз айларынан бери Баткен облусу аркылуу Тажикстанга күйүүчү май мыйзамсыз ташылып, өкмөт өткөрмө бекеттерине тыкыр көзөмөл киргизген.

Кара май аткезчилигин жөнгө салуу үчүн атайын штаб да түзүлгөн. Бул штабдан Чоң-Алайдагы соңку абал боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Акенеев: Аткезчилик бар...

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев өзгөчө Баткен облусунда кара май аткезчилиги кыйла азайганын белгилеп, майда контрабанда дале бар экенин билдирди:

Ош-Бишкек жолу
Ош-Бишкек жолу
- Күндө 5-10 тоннага чейин өтүшү мүмкүн. 60-100 тонна деген азыр жок. Бардык аймак боюнча андай көлөмдөгү кара май Кыргызстанда сыртка чыкпайт.

Аткезчилик маселеси октябрь айында Оштогу жыйында талкууланып, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов аткезчилик менен күрөшүү үчүн түзүлгөн штабдын жетекчилигине кыргыз-тажик чек арасын тыкыр көзөмөлдөө тапшырмасын берген. Мындан тышкары ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылып, кармалган күйүүчү майларды мыйзамдын чегинде конфискациялоону көзөмөлдөөгө чакырган.

Кара май аткезчилигине бийик даражалуу аткаминерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аралашканы айтылганы менен бул маалыматтар тастыкталбай келет.

Ички иштер министрлиги сентябрь айына карата аткезчилик менен алектенген ондой адам кармалып, он бир кылмыш иши козголгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG