Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Киевде оппозиция Тимошенкону айыптан бошотууну талап кылат


Киевде оппозиция Юлия Тимошенко айыпталган беренени Кылмыш-жаза кодексинен алып салууну талап кылууда

Жогорку Раданын алдына чогулган 400гө чукул киши оппозициялык «Батькившина» жана «Фронт перемен» партияларынын желегин кармап турушат. Аларды полиция курчоого алып көз салууда.

Украин парламенти Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерин жоюу боюнча президенттин долбоорун экинчи окууда карайт. Долбоорго оппозиция киргизген толуктоолордо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген беренени алып салуу сунушталат. Ушул берене боюнча мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко Киевдеги Печерск соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG