Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Cпикер журналисттерди таянычы катары атады


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоо катында спикер журналисттер мамлекеттин зор таянычы болуп жаткандыгын белгилеп, “эркин басма сөз, калыс материалдар, көшөкөрлүктүн жоктугу – бүгүнкү күндүн эң зарыл талаптарынын бири. Азыр Кыргызстанда саясий куугунтук жок”, – деди.

Кечээ президент Роза Отунбаева журналисттер күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин ардак грамота менен сыйлоо тууралуу жардыкка кол койгон эле. Алардын арасында “Азаттыктын” кабарчысы Замира Кожобаева да бар. (ЕК)

XS
SM
MD
LG