Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Курман айт намазына он миңдеген адамдар катышты


Бишкектеги эски аянтта бүгүн эртең менен окулган Курман айт намазына он миңдеген адамдар катышты. Айт намазына өткөн жекшембидеги президенттик шайлоодо алдыга чыккан Алмазбек Атамбаев да катышып, элге куттук айтты. Куттук сөзүндө Атамбаев Курман айттын мусулмандар үчүн барга топук кылып, жокко чөкпөй, маркумдарга куран түшүрүп, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парзын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүүлүгүн белгиледи. Атамбаев ошондой эле бул майрам улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдеп, мусулмандар үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулуктардан экенин кошумчалады.

Бүгүн аянтка чогулгандардын саны буга чейинки айт намаздарына караганда көп болгону айтылууда. (ЕК)

XS
SM
MD
LG