Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Талас губернатору эң мыкты журналистке үй убада кылды


Талас облустук администрациясында Басма сөз күнүнө байланыштуу өткөн салтанаттуу жыйында облус губернатору Койсун Курманалиева кийинки жылдын эң мыкты журналистине эки бөлмөлүү батир убада кылганын дубандагы кабарчыбыз билдирди.

Курманалиева апрель окуясын чагылдырууда журналисттер маанилүү орунда болгонун белгилеп, облустун 9 журналистин Ардак грамота менен сыйлап, 21 журналистке акчалай жана баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Жыйында губернатор Талас обладминистрациясынын басма сөз кызматына 10 күн ичинде кийинки жылга эсептелген “Жылдын мыкты журналисти” сынагынын шартын иштеп чыгууну тапшырды. Анын жеңүүчүсүнө Талас шаарынын борборунан бардык шарты бар батир тапшыраарын билдирди.

Салтанаттуу жолугушуунун соңунда аксакал журналисттерге сый тамак уюштурулду. (ЕК)

XS
SM
MD
LG