Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Нигерияда исламчылар колдуу болгондордун саны 100дөн ашты


Радикал исламчылардын кечээки чабуулдарында каза тапкандардын саны 100дөн ашкандыгы кабарланууда. Даматуру шаарындагы өлүккананын бир кызматкери жеке өзү 150дөн ашык кишинин өлүгүн санап чыкканын, азыр өлүктөрдү урук-туугандары үйлөрүнө алып кетип жаткандыгын маалымдады. АФПнын кабарчысы өлүкканада бүгүн 97 өлүктү санаганын билдирди. Нигериянын түндүк-чыгышындагы чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн бардык аймактарында шариятты киргизүүнү максат кылган «Боко Харам» уюму өзүнө алды. Согушкерлер жума күнү Даматуру шаарынын көбүнчө христиандар жашаган ооданында чиркөөлөрдү жана полиция бекеттерин бомбалашкан. Алар полиция менен да атышкан.

XS
SM
MD
LG