Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Караколдо өрттөн он үй-бүлө баш калкасыз калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кечээ Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Дүйшеев көчөсүндө жайгашкан 10 үй-бүлө жашаган барак үйдү өрт чалган. Анын натыйжасында бир аял мерт болуп, үйдүн дээрлик көпчүлү бөлүгү күйүп кетти. Ушул тапта чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG