Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Бишкекте сарыктан жабыркагандар көбөйдү


2011-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Бишкекте гепатит же боордун вирустук инфекциясына кабылгандардын саны кеминде эки эсеге өстү. Бишкектеги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери Айнагүл Рыскулованын «Азаттыкка» билдиришинче, былтыр он ай ичинде гепатиттин 14 учуру катталса, быйыл ооруга чалдыккандардын саны 36ны түздү. Бул жагдай оорулууларды аныктоо ыкмасынын жакшырышы менен түшүндүрүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте бруцеллёзго кабылгандардын да саны өскөн. Былтыр бруцеллёзго 160 адам чалдыкса, быйыл алардын саны 186га жетти. (KKs)

XS
SM
MD
LG