Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Кант кызылчасын поезд менен ташуу арзандады


Кыргызстандын өкмөтү кант кызылчасын темир жол аркылуу ташуунун баасын 20 пайызга арзандатуу боюнча токтом чыгарды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 31-декабрга чейин дыйкандар кант кызылчасын “Кайыңды-Кант” заводуна поезд аркылуу жеткирем десе, же заводдон кумшекерди поезд аркылуу алып кетүүнү кааласа, бул жеңилдиктен пайдалана алат. Мындай чечим, дыйкандардын кант кызылчасын убагында жыйнап алышы үчүн жана өлкөдө кумшекердин баасын арзандатуу максатында кабыл алынды.

Кыргызстанда кант кызылчасы негизинен Чүй өрөөнүндө айдалат. Жыйналган кызылча өлкөдөгү шекерге болгон муктаждыктын 10-11%ын гана камсыз кылат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG