Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

БШКга 56 протокол келип түштү


Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы 56 аймактык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жазылган протоколдордун түп нускасын алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Бишкектеги Октябрь райондук аймактык шайлоо комиссиясынан жана чет өлкөлөрдөгү добушканаларды тейлеген комиссиядан протоколдор келе элек.

“29 шайлоо участкасы бар чет өлкөдөгү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу үчүнчү күнү келе турган болду. Октябрь райондук аймактык комиссиясы бир соттук ишке байланыштуу кичине кечигип жатат”,-деди Асаналиев.

Боршайком бардыгы болуп 58 аймактык шайлоо комиссиясынан протоколдордун түп нускасы алганда гана президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыяламакчы. Учурда БШК талапкерлерден жана жарандардан түшкөн доомат, арыздарды териштирүүдө.

БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасынын алдын ала маалыматтары боюнча президенттик шайлоодо 63%дык көрсөткүч менен Алмазбек Атамбаев биринчи орунга чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG