Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Россияда ШКУнун жыйыны өтүүдө


Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылары Санкт-Петербургда чогулушту. Орус премьер-министри Владимир Путин жыйын катышуучуларына кайрылып, уюмду дүйнөлүк экономика жана эл аралык коопсуздук маселелеринде лидер топко айландыруу үчүн чогуу аракет көрүүгө үндөдү:

- Биргелешип аракет көрсөк, Шанхай кызматташтык уюмунун ишин жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүп, аны глобалдуу экономикалык жана саясий түзүлүштүн негизги пайдубалына айландыруу дымагын ишке ашыра алабыз.

10 жыл илгери түптөлгөн уюмга Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу статусу ыйгарылган Монголия, Индия, Иран менен Пакистан уюмга кошулууну көздөшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG