Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Ооганстанда уруу аксакалына кол салышты


Ооганстандын Баглан вилайетинде жан кечти уруу аксакалы жашаган үйдүн жанында өзүн өзү жардырып жиберди. Чөлкөмдүн губернатору Мусхи Абдул Мажиддин айтымында, үй кожоюну, Лойя Жырганын мүчөсү молдо Алам жабыркаган жок. Жардыруудан кеминде 6 полициячы жарадар болду. Уруу аксакалдары менен саясатчыларды камтыган Лойя Жырга же Улуттук курултай ай этегинде АКШ менен стратегиялык шериктештик жана Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү маселелерин карамакчы. Буга чейин да талип согушкерлери жыйындын катышуучуларын коркутуп-үркүткөн бир нече учур катталган.

XS
SM
MD
LG