Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Грецияда жаңы өкмөт башчыны тандашууда


Грецияда бүгүн биримдик өкмөтүнүн курамы аныкталмакчы. Кечээ жетишилген макулдашууга ылайык, Георге Папандреу премьер-министр кызматынан чегинет. Папандреу оппозициянын лидери Антонис Самарас менен жолугуп, өкмөттү ким жетектээрин, кимге кайсы министрлик тийерин талкуулап атышат. Жаңы өкмөт бир аптанын ичинде ант берип, парламенттин элегинен өтөт деп күтүлүдө.

Жаңы коалициялык кабинет февралга болжолдонуп жаткан шайлоого чейин иштеп турат. Ага чейин Греция Евробиримдиктен алып жаткан финансылык жардам боюнча келишим бекитилүүгө тийиш. Грециядагы абал бүгүн Брюсселде еврозонага кирген өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында сөз болмокчу.

XS
SM
MD
LG