Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Италия карызы он жылдагы эң жогорку чекке жетти


Италиянын карызы боюнча проценттер бүгүн 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Инвесторлор ал өлкөдөгү саясий бейстабилдүүлүктөн жана евромейкиндиктеги кризистен чочулашууда. Аналитиктер Италия экономикасы өспөй жатканын белгилеп, Рим өкмөтү олуттуу карыз кризисине туш болушу ыктымал деп эсептешет.

Премьер-министр Силвио Берлускони оппозициянын кысымына карабай, кызматынан кетүүдөн баш тартууда. Эртең ал бюджетти үнөмдөө боюнча жаңы долбоорду парламенттин кароосуна сунуштоого тийиш.

XS
SM
MD
LG